Алдыдагы сууктан улам энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштешет

Таалайбек Ибраев Ысык-Көл, Нарында энергетиктер менен жолугушуп, аларга негизги милдет калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо экендигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Энергетика министри Таалайбек Ибраев алдыда боло турган катуу сууктан улам энергетиктерге күчтөлгөн тартипте иштөөнү тапшырды. Бул тууралуу министрлик маалымдады.
Билдирмеге ылайык, министр 7-январда Балыкчы шаарында "Ысык-Көл электр түйүнү" ишканасынын жана Кочкор айылында "Нарын электр түйүнү" ишканасынын жамааты менен жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө ишкана башчылары 2022-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчёт беришип, бул жылга түзүлгөн пландары менен тааныштырышты.
Ибраев ишкана жетекчилерине абоненттерди ыкчам тейлөө үчүн автотранспортторду көбөйтүүнү тапшырган. Ошондой эле ал кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы маанилүү экендигин белгилеп, бул үчүн энергетиктер болгон аракетин көрүшү керектигин айткан.
"11-январдан баштап катуу суук түшөрү маалымдалды. Буга энергетиктер даяр болуп, күчөтүлгөн режимде иштеши керек. Энергетиктердин негизги милдети — калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо", — деген министр.
Жыйындан соң министр орун басарлары менен Балыкчы шаарындагы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасына барып, андан ЖЭБге жана калкка ташылып жаткан көмүрдүн көлөмү тууралуу маалымат укту.
Эскерте кетсек, кечээ ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 10-январдан тарта катуу суук түшөрүн билдирген. Алсак, Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -25 градус болору айтылды. Ал эми коңшу Өзбекстанда сууктан улам окуучулардын каникулу узартылды. Кыргызстанда окуу боюнча чечим эртең кабыл алынат.
Организмди суукка кантип көндүрүү керек. Иммунологдун кеңеши