Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Экономист: Байден менен Зеленский ири чыгым тартканын моюндагылары келбейт

Батыштын саясий ишмерлери менен эксперттери АКШ менен Евробиримдикти Украинага курал жана финансылык жардам жөнөтүп, жаңжалды атайылап создуктуруп жатат деп күнөөлөп келишет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Украина менен АКШнын президенттери Владимир Зеленский менен Жо Байден болуп көрбөгөндөй ири чыгымга учураганын мойнуна алгылары келбейт. Бул тууралуу америкалык экономист Ричард Вольф айтканын РИА Новости жазды.
"Кевин Маккарти (АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери) канча керек болсо ошончо согушарын айтты. Зеленский менен Байден да ушундай пикирде. Бири дагы укмуштуудай чыгым тартып, жоготууга учурап турганын моюндагысы келбейт. Кесепети оор. Баары тең башкаларды айыптап келишет", — деген ал соцтармактагы баракчасына.
Батыштын саясий ишмерлери менен эксперттери АКШ менен Евробиримдикти Украинага курал жана финансылык жардам жөнөтүп, жаңжалды атайылап создуктуруп жатат деп күнөөлөп келишет. Россия Батыш өлкөлөрүнүн куралы жүктөлгөн транспорттун бардык түрү РФ армиясынын мыйзамдуу бутасы болорун белгилеген.
Москва Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралынан бери жүргүзүп келет. РФ президенти Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан кыргынга жана кыйноого кабылган элди коргоо" деген.
ЖМК: Америкага чындап кооптуулук туудурган жаңжал Мексикада башталды