Антимонополия социалдык маанилүү товарлардын орточо баасын жарыялады

Бир аптанын аралыгында баалар дээрлик өзгөргөн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанилүү товарлардын орточо наркын жарыялады.
Баалар 4-январга карата чекене түрүндө сатылышына карап эсептелген.
Биринчи сорттогу буудай уну — 42,8 сом (кг);
Экинчи сорттогу буудай уну — 31,6 (кг);
Бөлкө нан (биринчи сорттогу ундан, кг) — 59,4;
Макарон азыктары — 67,4;
Пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт — 68,6;
Каймак май (72%дан аз эмес) — 440,6;
Кумшекер — 87,4;
Жергиликтүү күрүч ("Өзгөндөн" башка) — 114,4;
Импорттолгон күрүч — 117,1;
Күнкарама майы — 153,2;
Кой эти — 520;
Уй эти — 506,3;
Чочко эти — 465;
Тоок эти —266,3;
Картошка — 27;
Сабиз — 29,8;
Тоок жумурткасы (10 даана) — 110,3;
Бензин А-80 — 54,8;
Бензин А-92 — 60;
Дизель майы — 74,5;
Суюлтулган газ (баллон 10 кг) — 724,7;
Көмүр (жергиликтүү) — 5164,3;
Көмүр (импорттолгон) — 6183,3.
Белгилей кетсек, Антимонополия социалдык маанилүү товарлардын орточо рыноктук чекене бааларына мониторинг облустун борборлорунда жана Токмок шаарында жума сайын жүргүзүлөт. Бир аптанын аралыгында баалар дээрлик өзгөргөн эмес.
Кыргызстан өсүмдүк майын сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси