БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. ӨКМ иске уулануунун алдын алуу боюнча бир нече кеңештерди айтып, сактануу эрежелерин тизмектеп берди.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок болгондуктан өзгөчө коркунучтуу. Ис тез урат жана ал ар кандай кырдаалда болот.
Транспорт каражаттарынан чыккан газдан, көмүртек кычкылынан, турмуш-тиричилик газынын чыгышынан же приборлордун иштен чыгуусунан, өрттөн да уулануу кооптуулугу бар экени айтылды.
"Уулануунун негизги себеби — мешти жылытуу эрежелеринин бузулушу, мештин эшиги өз убагында жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мештин жана мордун туура эмес иштеши, андагы жаракалар", — деп билдирди ӨКМ.
Кишинин организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жараша уулануунун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат. Эң коркунучтуусу — адамдын өмүрү менен кош айтышуусу.
ӨКМ тараткан маалыматында иске ууланган адамды байкап калгандан аны токтоосуз сыртка алып чыгуу керектигин эске салды.
Ууланган адамга жардам көрсөтүүнүн алгачкы кадамдары:
аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
бөлмөлөрдү желдетүү үчүн терезелерди, эшиктерди ачуу;
жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), капталынан жаткыруу жакшы;
адам эсин-учун жоготпосо (эси ообосо) анда таза абага үзгүлтүксүз чыгып, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылып, денени сүртүүсү зарыл;
жабырлануучу эс-учун жоготсо, Тез жардам келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.