Мал-мүлкүн элге ачыктагысы келбеген депутаттардын тизмеси

Алты парламентарий киреше-чыгашасы тууралуу отчёт берген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлердин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2021-жылга карата тапшырган декларациясы жарыяланды.
Бирок алардын ичинде кээ бир эл өкүлдөрүнүн декларациялык баракчасында эч бир маалымат жазылган эмес. Муну Салык кызматы "алар декларациясын 0 көрсөткүч менен тапшырган" деп түшүндүрдү. Башкача айтканда, киреше-чыгашасы, ээлик кылган мүлктөрү боюнча ачыктагысы келген эмес. Жакын туугандары тууралуу да маалымат жок.
Мал-мүлкүн көрсөтпөгөн депутаттар төмөнкүлөр:
Медер Алиев;
Динара Ашимова;
Фархат Исмаилов;
Адахан Мадумаров;
Элдар Сулайманов;
Камила Талиева.
1 / 6

Медер Алиев

2 / 6

Динара Ашимова

3 / 6

Фархат Исмаилов

4 / 6

Адахан Мадумаров

5 / 6

Элдар Сулайманов

6 / 6

Камила Талиева

Дарыкана, BMW X7, хан сарайлар... ЖКнын эң бай 8 депутаты