Кийинки жумада суук түшөт. Төрөбаев энергетиктерге тапшырма берди

Аткаминер жылытуу мезгилинде электр кубатын үзгүлтүксүз берүү зарылчылыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүп, суук болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергетиктер менен болгон кеңешмеде билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Төрөбаев энергетика министри Таалайбек Ибраевге жылытуу мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү тапшырмасын берген.
Ошондой эле өлкөнүн жети облусундагы бардык электр тармактары ишканалары алдыда күтүлүп жаткан суукка даяр туруу керектигин белгилеген.
"Келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Андыктан бүгүндөн тартып Кыргызстандын бардык электр тармактары ишканалары ар түрдүү чыңалуудагы көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын ишенимдүү иштөөсүн дыкат көзөмөлгө алыңыздар", — деди Төрөбаев.
Мындан тышкары, ал акылдуу электр эсептегичтерди көбөйтүү зарылдыгын билдирип, муну менен электр кубатынын жоготууларынын алдын алууга жана азайтууга болорун айткан.
Мынчалык кар жаай элек эле! Сейилдеген, муз тепкен, эс алган кыргызстандыктар