Жаңы жылдык майрам күндөрү жубайлар эмнеге көп урушат? Адистин түшүндүрмөсү

Психологдордун айтымында, каникулду көңүлдүү өткөрүүгө көп акча сарптоонун кереги жок. Жөн гана сейилдөө дагы мамилени чыңдоого жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Узакка созулган жаңы жылдык эс алуу күндөрү үй бүлөдөгү чыр-чатакка себеп болушу мүмкүн экенин психологдор РИА Новостиге билдиришкен.
Алардын айтымында, бири-бирине топтолгон нааразычылык, тар батир, зеригүү жана бош убакытты туура уюштура албастык урушка алып келет.
Адистер жубайлардын бири нааразылыгын сыртка чыгарбай жүргөн учурду мисал катары алышкан. Үй-бүлө мүчөлөрү он күн бою бир батирде 24 саат чогуу болгондо эски муңдар сыртка чыгып, акыры чыр-чатактын себебине айланары айтылган.
Ошондой эле жеке мейкиндикти бузуу да пикир келишпестикке алып келери белгилүү. Бул өзгөчө тар батирлерде жашагандарга тиешелүү. Анткени адам маал-маалы менен өзү менен өзү болгусу келет.
Андан тышкары, кадимки зеригүү да уруштун себептеринин бири.
“Көптөгөн адамдар жөн гана бош убактысын кантип уюштурууну билишпейт. Күйөөсү диванда жатса, аялы кир жууп, батирди тазалайт дегендей”, — деп жазылган маалыматта.
Психологдордун айтымында, каникулду көңүлдүү өткөрүүгө көп акча сарптоонун кереги жок. Жөн гана сейилдөө дагы мамилени чыңдоого жардам берет.
Жаңы жылдык майрамда иштегендерге психологдун кеңеши