БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Ош облусундагы Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага ылайык, кечээ, 4-январда, аталган унаа жолдун 75-чакырымына 1 500 метр куб кар көчкүсү түшкөн. Мындан сырткары, 70-80-чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 сантиметр кар күрткүлөр болгондуктан унаа жолу убактылуу жабылган.
"Жолдун 47 жана 107-чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн тазалоо иштерин жүргүзүүгө бир бульдозер, бир жүктөгүч унаа барды", — деп айтылат маалыматта.