Каракол шаарында эл аралык кышкы туристтик жарманке башталды

Кышкы туристтик жарманкеге 5000дей адам катышары күтүлүүдө. Меймандар Кыргызстандын бардык облустарынан жана чет мамлекеттерден келери айтылды.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 5-янв. — Sputnik. Каракол шаарында KARAKOL FAIR деп аталган кышкы туристтик жарманке башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Иш-чара Касымалы Жантөшев атындагы драма театрында өтүүдө. Жарманке үч күн, тагыраагы, 5-6-7-январь күндөрү саат 11:00дөн 21:00гөчейин уланмакчы.
Эл аралык кышкы жарманке улуттук маданий каада-салтты жайылтып, продукцияларды өнүктүрүүгө, элдик көркөм кол өнөрчүлүк, фольклор, заманбап искусство жаатында өлкөлөрдүн, региондордун, шаарлардын, ар кыл уюмдардын жана чеберлердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт. Мындан тышкары, Караколду жыл бою туристтерди кабыл алууга даяр шаар катары таанытуу камтылганы айтылды.
1 / 4

Каракол шаарында KARAKOL FAIR деп аталган кышкы туристтик жарманке башталды

2 / 4

Иш-чара Касымалы Жантөшев атындагы драма театрында өтүүдө

3 / 4

Жарманке үч күн, тагыраагы, 5-6-7-январь күндөрү саат 11:00дөн 21:00гөчейин уланмакчы

4 / 4

Эл аралык кышкы жарманке улуттук маданий каада-салтты жайылтып, продукцияларды өнүктүрүүгө, элдик көркөм кол өнөрчүлүк, фольклор, заманбап искусство жаатында өлкөлөрдүн, региондордун, шаарлардын, ар кыл уюмдардын жана чеберлердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт

Кышкы туристтик жарманкеге 5000дей адам катышары күтүлүүдө. Меймандар Кыргызстандын бардык облустарынан жана чет мамлекеттерден келмекчи.
Жарманкени Каракол шаарынын мэриясы менен Destination Каракол коомдук уюму эл аралык уюмдардын жана улуттук өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырууда.
Радио
Иманалиев: Айтматовдун айылын туризмдин борборуна айлантса болот