Мынчалык кар жаай элек эле! Сейилдеген, муз тепкен, эс алган кыргызстандыктар

Бишкекке көптөн бери калың кар жаай элек болчу. Жал жаңырары менен болгон табияттын мындай белеги шаар тургундарын чындап кубанычка бөлөдү.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү бул күнү калаа көчөлөрүн кыдырып, шаардын жака-белине чыгып кызыктуу сүрөттөрдү чогулткан.
1 / 16

Ордо калаага көптөн бери мындай калың кар жаай элек эле. Башкы аянттагы эл.

2 / 16

"Ала-Тоо" аянтындагы карга оронгон балаты

3 / 16

Балдар үчүн өзгөчө майрам болду. Кар киши жасап жаткан кичинекейлер.

4 / 16

Бул күнү кичинекейлер эле эмес, чоңдор да черден чыга эс алды окшойт. Кар киши жасоого камынып жаткан улан.

5 / 16

Сейилдөө үчүн мыкты убакыт

6 / 16

Көчө тазалагандар күчөтүлгөн тартипте иштешти. Карды күрөөгө "Тазалыктын" 600 кызматкери тартылды.

7 / 16

Селфи жасап жаткан өспүрүмдөр. Жакшы, жаңы сүрөт болду болуш керек.

8 / 16

Ал арада тоодо...

9 / 16

Ар ким каалагандай эс алып жатты

10 / 16

Тоодон муз тээп келип жыгылар алдында

11 / 16

Шаар четине чыгып эс алгандар көп болду

12 / 16

Шаардын ышынан кийин таза аба өпкөгө миңдин бири болсо керек

13 / 16

Калың жааган кар көпкө турбай эрий турган болду окшойт. Бул жумада абанын температурасы 10 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.

14 / 16

Ал эми кийинки жумада суук болору айтылды

15 / 16

Кардын жаашы эс алуу күндөргө туш келип, күн да жылуу болуп, айтор, кыргызстандыктар үчүн жакшы эле болду

16 / 16

Калган эс алуу күндөрүбүз да көңүлдүү өтсүн!

Тема боюнча:
Жакырларга белек тараткан Санта-Клаустан ажайып фейерверкке чейин. Апта ирмеми
Легендарлуу Пеле. Футбол падышасынын архивдик сүрөттөрү
Көз чачырайт! Пакистандагы үлпөт мода жумалыгынан 10 сүрөт