Өлкөдө ишкерликтин абалы кандай? Бизнес-акыйкатчынын орун басарынын жообу

Понамарев азырынча бул тармак дүйнөлүк стандарттын төмөнкү тепкичинде деп белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өлкө бийлиги бизнес-коомчулуктун пикирин угуп жана аны эске алууда. Мындай оюн Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Понамарев билдирди.
Ал өз кезегинде бизнес-ассоциациялар да ар тармактардагы кызыкчылыктарды айтып, демилгелерди көтөрүп келе жатканын белгиледи.
"Ошентсе дагы Кыргызстанда жакын арада бизнес өзүн идеалдуу сезип баштайт деп айтуу мүмкүн эмес. Биз дагы деле дүйнөлүк стандарттын эң төмөнкү тепкичиндебиз. Ишкерлик өтө көп текшерилет, алар өздөрүн коргоосуз калгандай сезишет. Ошол эле учурда чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн көбү мамлекет астындагы укук, милдеттерин билишпейт. Коррупцияланган аткаминерлер бул абалдан пайдаланат. 2023-жылы бизнести пландуу текшерүүгө кайрадан мораторий киргизилгендиги кубандырууда", — деди Пономарев.
Ал рынокту, бизнести жөнсүз көзөмөлдөөдөн, текшерүүлөрдөн бошотууга карай жол башталгандыгын кошумчалады.
"Болгону бийликтин ишти аягына чыгарууга эрки жетеби, кеп ушунда, байкап туралы", – деди бизнес-акыйкатчынын орун басары.
Радио
Юрист ишкердик үчүн имаратты ижарага алуунун шарттарын айтып берди