Окумуштуулар инсультка алып келген ичимдиктин дозасын аныкташты

Дарыгер күн сайын алкоголдук ичимдиктерди ичүү инсультка алып барарын эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Окумуштуулар спирт ичимдигинин инсультка алып келе турган дозасын эсептеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Голуэй университетинин профессору Мартин О'Доннелдин айтымында, инсульт дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн жана майыптуулуктун негизги себептеринин бири. Арак-шарап ичүү анын коркунучун кыйла жогорулатат. Ал өздөрүнүн изилдөөсүнө таянып, алкоголь ичкендер башкаларга салыштырмалуу орто эсеп менен 14 пайыз көбүрөөк инсультка кабылышарын билдирген.
О'Доннел жетектеген окумуштуулар тобу айына беш порция ичилген арак-шарап инсульттун коркунучун 29 пайызга, геморрагиялык инсультту 76 пайызга жогорулатарын аныкташкан.
Окумуштуулар спирт ичимдиктерин ичүүдөн алыс болгондо инсульт коркунучу кыйла азаярын белгилешкен.
Ар бир аял билиши керек. Эркектин потенциясы тууралуу 6 миф