Радио

Манасчы "сумбул" деген көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
Манаста "сумбул" деген сөз кездешет. Ал жер чийген, узун жана кара чач деген маанини түшүндүрүп, көбүнчө аялзатына карата колдонулат. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул учурда бир нече сөздөн турган маанини бир сөз менен берсе болот.
"Эпосто "сумбул" деген сөз кездешет. Манаста "чачы сумбул, бою тал, айткан сөзү ширин бал" деп аялзатына карата айтылган сыпаттама бар. Ал эми кытай, калмак журтундагы ылама, кечилдерди сүрөттөгөн жерлер дагы бар. Бул сөздүн мааниси келишимдүү, узун, кара чач. Күнүмдүк турмушта чачы узун, жер чиет деген сыяктуу сөздөр колдонулат. Анын синоними катары дал ушул "сумбул" сөзүн колдонсо болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытууга болорун кошумчалады.