Ата Мекендик согуштун Баткендеги эң акыркы ардагери Шамши Эшбаев дүйнө салды

Ардагер 2022-жылы туура 100 жашка толгон эле.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун Баткен облусундагы эң акыркы ардагери Шамши Эшбаев дүйнө салды.
Ал Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө жашачу. Ардагер 2022-жылы туура 100 жашка толгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-январда, Орозбеков айылында өтөт.
Шамши Эшбаев Кадамжай районунун ардактуу атуулу. 1941-жылы аскерге чакырылып, 1942-жылы Воронеж шаарында согуш майданына кирип, Украина менен Беларусту, Минск, Бухарест, Будапешт, Вена жана Прага шаарларын бошотууга катышкан. Дзотко төшүн тоскон атактуу баатыр Чолпонбай Түлөбердиев менен бир шаарда душманга каршы салгылашкан. Улуу Жеңишти Австриянын Грац шаарында тосконун айткан жайы бар.
Ардегер Ата Мекендик согуштан келгенден кийин 55 жыл мектепте мугалим болуп эмгектенген.
Шамши Эшбаев Баткен облусундагы көз тирүү жалгыз ардагер эле.
2022-жылы шум ажал алып кеткен белгилүү кыргызстандыктар