Дарыгер: кардан сөлөкөттөрдү жасоо кишини булчуңдарды чыңдоого жардам берет

Киши карда жылуу кийинип алып бат-баттан кыймылдап иштеш керек. Бул калорияларды азайтууга жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кардан киши жана шарларды жасоо булчуңдарды чыңдап, калорияны коротконго жардам берет. Бул тууралуу Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча штаттан тышкаркы адиси Андрей Тяжельников айтып берди.
"Кар кишини жасоодо 300 калория жоголот, буга кошумча арка-моюн, колдор машыгат. Карды тоголоктогонго чыкканда жылуу кийинип алып бат-баттан кыймылдаш керек. Канчалык кардан форма көп жасалса, ошончолук күч көп жумшалат", — деди Тяжельников.
Ошондой эле ал кышында лыжа тебүү, чана тебүү, парк, токойлордо, көчөдө таза абада сейилдөө ден соолукка пайдалуу экенин айтты. Бул денеге гана кан жүгүрпөстөн "бакыт гормону" — серотонинди иштеп чыгууга жардам берет.
Адис чарчоону чакырган тамактарды санап берди