Убакыт баарын өз ордуна коёт. Акылбек Жапаров "Кемпир-Абад" келишими тууралуу

Жапаров "Кемпир-Абад" боюнча келишим маселеси чындап эле көйгөйлүү болгонун моюндаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы "Кемпир-Абад" келишим маселеси боюнча өз оюн айтты. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек берген.
Журналист андан "Кемпир-Абаддын" айынан өлкөнүн саясий элитасы эки лагерге бөлүнгөнүн, айрымдары бул келишимге кескин түрдө каршы чыгышса, башкалары өлкө жетекчилигинин чечимин колдогонун айткан.
"Албетте, "Кемпир-Абад" боюнча келишим маселеси чындап эле көйгөйлүү болду. Жөнөкөй себеп, эки тарап тең бир максатты — Кыргызстандын жыргалчылыгын көздөйт. Бул — алардын чындыгы. Бирок бул чындыктардын ар биринин натыйжасы ар кандай болушу мүмкүн. Бул учурда мамлекеттин жетекчилигинин чындыгы өлкө үчүн пайдалуу болсо, ага каршы чыккандардын чындыгы күтүүсүз жана терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейм. Бирок бул эки полемикалуу тараптардан тышкары суу сактагыч маселесин өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылган үчүнчү тараптар болгонун баса белгилеп кетким келет. Алар үчүн "Кемпир-Абад" жөн гана шылтоо — бийликке келүү үчүн өлкөдөгү кырдаалды солгундатуу", — деген ал.
Андан кийин журналист суу сактагыч боюнча бийликтин чечими туура деп эсептейсизби деп сураган.
"Албетте. Ал тактикалык жактан да, стратегиялык жактан да, тарыхый жактан да туура чечим. Көрөсүз го, убакыт баарын өз ордуна коёт. Биз өзүбүздүн кызыкчылыктарыбыздан баш тартпай мамлекетибизди бекемдөөдө абдан маанилүү кадам таштадык", — деген Жапаров.
Былтыр ноябрда Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу келишимин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлган.
Мирзиёев чек ара жана Кемпир-Абад боюнча мыйзамдарга кол койду. Эки өлкөнүн милдети