"Тазалыкчылар" Мессини пародиялап... Видео

Ишкананын кызматкерлери Аргентина командасынын дүйнө чемпионатындагы жеңишин "көрсөтүп" беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Аргентинанын футбол боюнча курама командасын жана анын капитаны Лионель Мессини туурап видео тартышкан.
Оюнду жеңип алган соң Катардын эмири Тамим ибн Хамад Аль-Тани Мессиге арабдардын улуттук кийими болгон бишт кийгизип, ал эми FIFA президенти Жанни Инфантино кубок тапшырган. Андан соң оюнчулар жеңүүчүнүн бийин бийлеген.
"Тазалыкчылардын" видеосу "Ала-Тоо" аянтында тартылган. Мессини "аткарган" кызматкерге кубоктун ордуна күрөк тапшырышкан.
Мессинин ачуусу, Неймардын көз жашы... Дүйнө чемпионатындагы эмоциялар