Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды

Министрдин буйругу ушул жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов фонограмма менен ырдоого тыюу салды. Тиешелүү буйрукка ал өткөн жылдын 30-декабрында кол койгонун мекеменин маалымат кызматы тастыктады.
"Министрликке караштуу бардык маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармония, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда имараттын менчик же ижарада экендигине карабастан вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылсын", — деп жазылган буйрукта.
Министрликтен маалымдагандай, фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт. Буйруктун аткарылышын министр өзү көзөмөлдөй тургандыгы белгиленген.
Жапаров тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо боюнча жарлыкка кол койду