Жаңы жылды абакта тоскон саясатчылар

2022-жыл Кыргызстан үчүн ар кандай саясий окуяларга бай болду. Аны улай саясатчылардын арасында да камакка алынып, жаңы жылды абакта тоскондор да болду.
Sputnik

Алмазбек Атамбаев

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон. Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев
Ошентсе да Атамбаев тарапташтары менен октябрь окуялары боюнча акталып, Биринчи май райондук соту анын аракеттеринде кылмыштын белгилери болгон эмес деп тапты. Муну менен катар сотто Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү боюнча ал күнөөсүз экени такталган.
Ал эми Дача СУ айылындагы кырсыкты иликтеген комиссия учактагы жүктүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси жоктугун билдирди.
Учурда мурдагы мамлекет башчысына карата июнь окуясы жана Кой-Таш окуясы боюнча сот процесстери жүрүп жатат.
Медициналык кароодон өтүп, дарыгерлер ага "эки операция жасоо зарыл" деген корутунду чыгарган. Алар Атамбаевдин ден соолугу абакта отурган үч жылда кескин начарлап кеткенин белгилешкен.
Ушул жылдын августунда мурдагы президентти ооруканага жаткыруу үчүн Россиянын президентинин администрациясы чакырган. Адвокаттар Атамбаевге Россияда үч айга дарыланууга, балким операцияга уруксат берүү өтүнүчү менен ЖАКка кайрылышкан. Бирок уруксат берилген жок.

Кемпир-Абад иши

23-октябрда милиция Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен.
Кемпир-Абад суу сактагычы
ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу") боюнча кылмыш иши ачылганын билдирген. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы.
Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров үн катып, жарандык коомдук өкүлдөрү менен сүйлөшүү натыйжа бербегенин айткан.
Кармалган 22 саясатчы жана жарандык активисттердин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда 24-25-октябрь күндөрү каралган. Сотто кармалган жарандардын 20сын Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган.
Алар: Азимбек Бекназаров, Асия Сасыкбаева, Айданбек Акматов, Чыңгыз Капаров, Айбек Бусурманкулов, Равшан Жээнбеков, Али Шабдан, Таалайбек Мадеминов, Перизат Суранова, Эрлан Бекчороев, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбаев, Бектур Асанов, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Жеңиш Молдокматов, Атай Бейшенбек, Канат Исаев.

Азимбек Бекназаров

Алгач Азимбек Бекназаровдун 23-декабрга чейин №1 тергөө абагына эки айга камакка алынганын Биринчи май райондук соту билдирген.
Саясатчы Азимбек Бекназаров. Архивдик сүрөт
9-декабрь күнү сотко Бекназаров баштаган саясатчы жана жарандык активисттер алып келинет. Саясатчынын журналисттерге берген маалыматына караганда, анын баш коргоо чарасы 2023-жылдын 23-февралына чейин узартылган.
Буга чейин Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан коюлган милдеттерди аткара албады деген кине менен бошотулган. Ал аталган кызматка 2019-жылдын соңунда дайындалган.
Ал арада Азимбек Бекназвродун камактагы уулу Руслан Бекназаровдун бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Ушул жылдын сентябрында коомдук ишмер, мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу, Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кармалып, декабрга чейин камалган.

Канат Исаев

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, октябрь окуясы учурунда бир аз убакыт спикер болгон Канат Исаев 23-октябрда бир айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, октябрь окуясы учурунда бир аз убакыт спикер болгон Канат Исаев
23-октябрда УКМКнын тергөөчүсү сунуштаган мурдагы (2018-жылы кабыл алынган) баш коргоо чарасын – эки жакка чыгып кетпөө боюнча чечимди өзгөртүүнү сот канааттандырган. Исаев анын негизинде камалган.
Эске салсак, 2017-жылы сентябрда, президенттик шайлоонун алдында Канат Исаевге бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча иштин фигуранты катары кылмыш иш козголгон. Ал эми 2019-жылы апрелде сотко чейинки өндүрүштү токтотушкан.

Асия Сасыкбаева

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Асия Сасыкбаева да 20-декабрга чейин №1 тергөө абагына киргизилген.
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Асия Сасыкбаева
27-декабрда Бишкек шаардык сотуна массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп айыпталгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды кароо улантылып, сот залына Асия Сасыкбаева да алып келинген.

Равшан Жээнбеков

Массалык башаламандыкты уюштурууга айыпталгандардын бири Равшан Жээнбеков да 20-декабрга чейин камакта калтырылган. Эки айдан бери абакта отурат. Ал буга чейин да камалып чыккан.
Саясатчы Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт
Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча соттолуучулардын бири. Ошол эле жылдын декабрь айында ал СИЗОго киргизилип, 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин үй камагына чыгарылган.
Бирок 2021-жылдын 5-августунда Жээнбеков үй камагынын шарттарын бузганы үчүн кайрадан СИЗОго киргизилген — ал саат 22:00дөн кийин үйдүн жанынан басып өткөн. Ошол 27-декабрда баш коргоо чарасынын мөөнөтү бүтүп эркиндикке чыккан.

Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов

Кармалган 22 саясатчы, активисттердин ичинде Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун да баш коргоо чарасы каралып, натыйжада Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган.
1 / 2

Бектур Асанов

2 / 2

Кубанычбек Кадыров

Буга чейин да 2016-жылдын 24-мартында оппозициячылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. Алар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган. Алардын абактагы бир күнү эки күн деп эсептелген. Жогорку соттун мунапыс берүү жөнүндөгү токтому боюнча 2019-жылы 12-февралында эркиндикке чыгышканы белгилүү.

Кеңешбек Дүйшөбаев

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы пикирин билдирип, массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көргөн деген шек менен УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да камакта отурат.
2010-жылы 10-июнда улуттар аралык жаңжал чыгып, кан төгүлгөн. Бул эл арасында "Июнь коогасы" деп айтылып калды. Июнь окуясы боюнча кылмыш ишинин алкагында Кеңешбек Дүйшөбаевге да айып тагылган.

Клара Сооронкулова

Бишкек шаардык соту 27-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын караган.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова
Шаардык сот Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова менен жарандык активист Перизат Суранованын бөгөт чарасын карап, мурдагы чечимдерди өзгөртүүсүз калтырды. Дүйшөмбү күнү сот тогуз кишинин арызын карап, баары тең абакта калтырылган. Алар: Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова.
Клара Сооронкулова 2021-жылы президенттик шайлоого жана "Реформа" партиясынын атынан парламенттик шайлоого ат салышкан.

Жеңиш Молдокматов

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын арасында саясатчы Жеңиш Молдокматов да бар.
Саясатчы Жеңиш Молдокматов
Буга чейин Молдокматов 2020-жылдын май айында камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда массалык башаламандык уюштурган деп шектелген. Бишкек шаардык соту Жеңиш Молдокматовду 2021-жылдын 2-февралында үй камагына чыгарган.
Кочкордо кылмышкерди калкалаган окуя. 9 жетекчи иштен алынып, 22 кызматкер жазаланды