ЖМК: Түркия Сириядан аскерин чыгарып кетүүгө макул болду

Үч мамлекеттин күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу Москвада өттү. Анда Анкара менен Дамаск акыркы 11 жылдан бери биринчи ирет расмий сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгү белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Түркия, Сирия жана Россиянын коргоо министрлери Москвада жолугушкандан кийин Анкара Сириянын аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Al-Watan гезитинин маалыматына таянып жазды.
Анда белгиленгендей, үч өлкөнүн коргоо министрлери Сириядагы каатчылыктан чыгуу жолдорун талкуулап, үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.
"Тараптар сүйлөшүүнүн жыйынтыгында конструктивдүү пикирге келишти жана араб республикасында, жалпы эле анын аймагында мындан ары да туруктуулукту орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгилешти", — деп билдирген РФ Коргоо министрлиги жолугушуудан кийин.
Андагы негизги жыйынтыктардын бири Түркиянын Сириянын аймагынан бардык аскерлерин чыгарып кетүүгө макулдугу болгон, Түркия аскерлери Сириянын түндүк тарабында жайгашкан. Мындан тышкары, тараптар Сириянын түндүгүндөгү М4 трассасына тиешелүү болгон, 2020-жылдагы келишимди аткарууну макулдашкан. Алар Түркияда тыюу салынган Күрдстандын жумушчу партиясындагылар Израиль менен АКШнын агенттери экендигин, алар Түркия менен Сирияга чоң коркунуч жаратарын талкуулашкан.
Үч мамлекеттин аскердик түзүмдөрүнүн башчыларынын Москвадагы бул жолугушуусунда Анкара менен Дамаскинин акыркы 11 жылдан берки биринчи расмий сүйлөшүүсү өттү.
Эрдоган АКШны Сириядагы согушкерлерди курал менен камсыздаган деп айыптады