Радио

Ашпозчу: жаңы жылдык дасторкондон калган тамакты жебеш керек

Кулинардык студиянын негиздөөчүсү, ашпозчу Канимет Жеңишов бул жылы жаңы жылдык дасторкондо коён этинен жасалган тамактардын көбүрөөк болуусун сунуштады.
Sputnik
Тамакты жасагандан соң дароо эле жеп салуу туура экенин Канимет Жеңишов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, калып калган тамактарды колдон келишинче жебегенге аракет кылуу керек.
"Көпчүлүк учурда бизде ар кандай мааракелерден кийин тамак-аш калып калат. Бул нерсе жаңы жылдык дасторконго да көбүрөөк тиешелүү. Тамакты жасагандан соң дароо эле жеп салыш керек. Эгер калып калган болсо колдон келишинче жебегенге аракет кылуу зарыл. Мен чет өлкөдө иштеп жүргөндө тамак бышкандан төрт саат өткөндөн кийин конокторго берилчү эмес. Жетекчилик бул жаатты катуу көзөмөлгө алчу. Калып калган тамакты ал жакта күчүктөргө да берчү эмес. Эң жакшысы — тамактарды жаңы жылдан кийин жана бардык эле учурда ысырап кылбаш үчүн базардан кишилердин санына карап азык-түлүк алган оң. Эсептеп даярдалган тамактар көп учурда дароо эле түгөнөт. Мындан сырткары, киши анча тойбой калган тамагын даамдуу деп эсептейт", — деди ашпозчу.
Ал дасторкондун көркүн тарелка ачарын кошумчалады.