Окуучулар үчүн каникулда керектелчү пайдалуу ресурстар сунушталды

Электрондук порталдарда окуучулар өтүлгөн темаларды кайталап, толуктап окууга шарт түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга жана алардын ата-энелерине кошумча сабактар үчүн колдонула турган онлайн ресурстарды сунуштады.
Балдар эфирге чыккан бардык видеосабактарды "Санарип сабак" YouTube-каналынан көрсө болот. Ал эми башталгыч класстар үчүн "iBilim" порталы сунушталат. Ал жактан 1-4-класстардын сабактарын онлайн форматта карап, көнүгүү жасаса болот.
Жогорку класстын окуучулары үчүн "Билим булагы" мультимедиалык комплекси даярдалган. Анын жардамы менен өтүлгөн темаларды кайталап, толуктап окууга шарт түзүлгөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу 30-декабрдан 11-январга чейин созулат.
Жылмаюу, селфи, кол тамга. Бишкектеги президенттик балатынын ирмемдери