БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Одессалыктар шаарды түптөгөн Екатерина IIнин эстелиги турган жерге гүл коюп кетип жатышат. Видеону "Ближнее зарубежье" Telegram-каналы жарыялады.
Эскерте кетсек, Екатерина II менен атактуу кол башчы Александр Суворовдун эстелигин 29-декабрга караган түнү алып салышкан.
Калааны түптөгөн ханышанын айкелин алып салууга "жашоочулар электрондук добуш берген" дешти. Одесса калаасынын мэри Геннадий Труханов ага чейин эстеликти алып салуу коомчулукта нааразылык жаратарын жана Россияга ыктагандардын санын арттырарын эскерткен. Бул билдирүүдөн кийин Украина президенти коопсуздук кызматы менен ИИМден мэрдин Киевге "мамилесин" текшерүүгө буйрук бергени айтылган болчу.