Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар борбордогу мектептердин биринде иштеген мугалим күндөлүгүн жөнөткөн.
...Алдыда жаңы жыл. Майрамды улай иш столумда отуруп негедир "башка кесипти аркаласам, азыр кандай маанайда отурар элем" деп ойлонуп кеттим. Анткени майрамдык маанай үчүн капчыкта акча да болуу керек го. Эсептеп көрсөм алган айлыгымды жаңы конуштардын бириндеги бир бөлмөлүү батирге жана азык-түлүк алууга жумшап отуруп калат экенмин. Бир аз ашкан тыйынга дасторкон жазымыш этем, калганын жол киреге бир айга чактап катып турам. Төрт баланы мугалимдин маянасы менен багуу оңой эмес.
Мамлекет мугалимдер үчүн жатакана тибиндеби же ипотека түрүндөбү, айтор, башпаанек салып берсе жакшы болор эле. Бул мендей батирлеген кесиптештеримди абдан бакытка бөлөмөк. Себеби үйдүн азабын абдан эле тартып калбадыкпы. Азыркы заманда ар кимдин короосунда бала-бакыраң менен көзүн карап жашоо оңой эмес экен. Айрым учурда кагуу жеп ызадан буулугасың.
Ошол мамлекеттин жатаканасына жарым-жартылай деле төлөп жашоого макулбуз. Мында акча мамлекеттин чөнтөгүнө түшүп турмак. "Сокурдун тилегени көз" дегендей, үй көзүмдөн учат. Мектепте үйү жок батирлеген мугалимдер көп. Алар кайсы убакта үйгө жетерин деле билбейт. Үй эмес аял киши катары каалаган кийимиңди ала албайсың. Кичине балдар Аяз атага кат жазып каалаган белегин сурагандай, жаңы жыл алдында мен да Кудайдан келе жаткан жылы үйлүү болууну тилендим.
Депутаттарга деле мандат менен бирге үй берилет. Өлкө жетекчилиги бизди да ойлоп койсо. Кээде депутат же президент сыйкырдын жардамы менен менин жашоомдо бир күн жашаса, түйшүгүмдү түшүнүп үй белек кылар беле дейм. Айтор, аягы жок, жаш балача кыялдануу. Жалпы айлык көтөрүлдү дегени менен айырмасы жок. Анткени базар баасы кымбат жана айрым жеңилдиктер алып салынган. Мисалы, мурда каалагандай саат алып иштей берүүгө болот эле. Кыскасы, орун алмашуудан сумма өзгөргөн жок.
Негизи "Бут кийимиң тар болсо, дүйнөнүн кеңдигинен эмне пайда" дегендей, ушундай жетишпестиктен улам жакшы мугалимдер иш таштап миграцияга же сыртка кетип калууда. Кесиптештерим менен түшкү тамак учурунда сабактан тышкары сүйлөшкөнүбүз, датыбыз эле каражат маселеси болуп калат. Ооба, арасында жетишкен жашоодо жашагандары да аз эмес. Бирок алардын үй-бүлөсүндө негизги каржы булагын жолдошу же балдары түзөрү белгилүү эмеспи.
Майрамдарда менин да балдарым башкалардай кенен-кесир белек алып, каалаганын кийип, өз үйүндө жүрсө деп кыялданам. Ушул тилектерим мүмкүн ушул жылы эбепке-себеп болуп аткарылып калар деген үмүтүмдү өчүрбөйм.
Айрым учурда балдарым жашоодо басынып, келечектен үмүтүн үзбөсүн деп дайыма шыктандырган, кыйналып жүрүп жакшы болуп кеткен каармандары бар жомокторду айтып коём. Негизинен эстеп көрсөм, жолдошум кеткенден бери такыр эс алып бир-эки күн катар бутту созуп жата элек экенмин. Кышкы-жайкы каникулдарда да күнүмдүк иш таап алып иштеп кетем. Кошумча тыйын болсо тыгынчык болот. Тамак жасап, идиш жууп, базарда сатышып, кемпир карап, кафелерде деле жумуш кыла берем.
Мунун баары балдарым үчүн! Ушул күндөлүгүмдү окуган өкмөттү үйү жок мугалимдерди кучагына алган долбоор иштеп чыгууга чакырат элем. Чама-чаркыбызга карап жалаң мугалимдерге ипотекалык үйлөрдү чечип берсе жакшы болор эле. Үй алуу үчүн айлыгың кырк миңден өйдө болушу керек экен. Ал эми меники болсо араң 20 миң сомдун тегереги.