Кыргыздан чыккан төрт аял кинорежиссёрдун бири эле. Клара Юсупжанованын сүрөттөрү

Белгилүү актриса, кинорежиссёр Клара Юсупжанова 29-декабрда 82 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги киночунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Кинорежиссёр Клара Юсупжанова 1940-жылы 29-декабрда Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунда билим алып, 22 жашында Лариса Шепитьконун "Аптап" тасмасында роль жараткан. Ортодо эки жылдай Москва драма театрында тажрыйба топтоп, "Биринчи мугалим", "Жоош кыз", "Квартирант", "Көздүн кареги" аттуу фильмдерге тартылган.
Андан соң Москвада режиссёрлук жана сценарий жазуу боюнча жогорку курсту аяктап, "Кыргызфильм" студиясында режиссёр катары эмгектенип, "Оштук тигүүчүлөр", "Саламатсыңбы, жайлоо", "Кымыз", "Койчу жана жөө туман", "Шаар", "Жолборс эки уйду жыгып жатат", "Өрөөн жана адамдар" жана башка документалдык, хроникалык фильмдерди жараткан. Союз маалында кыргыз кыз-келиндеринен төрт эле аял режиссёр чыккан. Алар Фатима Мамуралиева, Лиля Турусбекова, Динара Асанова жана Клара Юсупжанова эле.
КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер 2006-жылы 66 жашында кайтыш болгон.
1 / 12

Клара Юсупжанова 1959-1963-жылдары Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтунда окуган

2 / 12

Таланттуу актриса киночу Лариса Шепитьконун "Аптап" тасмасында эң алгачкы ролун аткарган

3 / 12

Даркүл Күйүкова, Клара Юсупжанова, Сыдыбек Жаманов. "Аптап" кинокартинасындагы бир эпизод

4 / 12

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева менен КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери Клара Юсупжанова. "Түштүк кыз" тасмасын тартуу учуру. Ош облусу, 1965-жыл

5 / 12

Актриса "Жоош кыз" тасмасында Гүлайымдын образында

6 / 12

Жаш кинорежиссёрлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев жана Клара Юсупжанова. Фрунзе шаары, 1963-жыл

7 / 12

Болочоктогу кинорежиссёр "Биринчи мугалим" тасмасында Бурманын ролунда

8 / 12

Юсупжанова 1971-жылдан баштап "Кыргызфильмде" режиссёр катары иштеп, даректүү тасмаларды тарта баштаган

9 / 12

Атактуу Наталья Аринбасарова менен Клара Юсупжанова. Алар "кыргыз кереметиндеги" алгачкы тасмалардын бирине тартылган

10 / 12

Кинорежиссёр "Советтик Кыргызстан" киножурналынын бир топ чыгарылыштарын камерага түшүргөн

11 / 12

Киночу өзүнүн эмгектеринде карапайым элдин турмушун, көйгөйүн мыкты чагылдырган. Анын даректүү тасмалары эл аралык фестивалдарга да катышкан

12 / 12

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери 66 жашында көз жумган

Тема боюнча:
Кыргыздардын кыштоодогу турмушу. Бир кылым мурунку жашоонун сүрөттөрү
ГЭС куруп, чубалгы тартып... Кыргызстан энергетиктеринин мээнеттүү эмгеги сүрөттө