1-январга карата аба ырайы

1-январга караган түнү республиканын айрым жерлеринде кар жашы ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жекшембиде республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -4...+1, Талас жергесинде -3...+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 3...+8, Ысык-Көл чөлкөмүндө -1...+4, ал эми Нарында -5...-10 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1...+1 жана Ош калаасында +5...+7 градус болот.
Радио
Ашпозчу: жаңы жылдык дасторкондон калган тамакты жебеш керек