Жаңы жыл күнү "Ала-Тоо" аянтынан өткөн жол жабылат

Чүй проспекти Панфиловдон Эркиндик бульварына дейре жабык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кайгуул милиция Жаңы жыл майрамына байланыштуу Бишкек шаарында бир катар көчөлөр жабыла турганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-декабрда саат 18:00дөн 1:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтынын тегерек чети, тагыраак айтканда, Чүй проспекти Панфиловдон Эркиндик бульварына дейре жабык болот.
Мындан улам Кайгуул милиция айдоочуларды алдын ала каттамын пландоого, жол белгилерине дыкат көңүл бурууга жана жол инспекторлорунун талаптарын так аткарууга чакырат. Андан сырткары, жолдун боюна авткөлүктөрдү токтотпоону, коомдук транспортко тоскоолдук жаратпоону эскертти.
Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтына жаңы жылдык балаты орнотулган. Бул күндөрү, өзгөчө кечинде шаардыктардын жана Бишкекке келген коноктордун балатыны көрүүгө агылып келгендигин байкоого болот.
ИИМ жаңы жылда конокко кетчүлөр эске алчу кеңештерди тизмектеди