Легендарлуу Пеле. Футбол падышасынын архивдик сүрөттөрү

29-декабрда футбол падышасы Пеле 82 жашында каза болду. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги легендарлуу футбол оюнчусунун архивдик сүрөттөрүнүн тарыхын баяндап берет.
Sputnik
Пеле аты менен дүйнөгө таанылган Эдсон Арантис ду Насименту 1940-жылы 23-октябрда Бразилияда жарык дүйнөгө келген. Оюнчу — катары менен үч ирет дүйнө чемпиону болгон (1958, 1962, 1970) жалгыз футболчу. 92 оюнда 77 гол киргизип Бразилиянын футбол тарыхында мыкты чабуулчу аталган. Мындай жетишкендикке азыр Неймар ээ. Пеле профессионалдык карьерасында эң көп гол киргизген оюнчу катары Гиннес китебине кирген. Айрым маалыматтар боюнча, дарбазага киргизген тобунун саны 1 281 делет.
Клубдук деңгээлде Пеле 18 жыл бою "Сантосто" болду. Дагы үч жыл америкалык "Нью-Йорк Космос" клубу үчүн ойноп жүрүп, ошону менен 1977-жылы карьерасын жыйынтыктаган.
Андан кийин бир нече тасма, сериалдарга тартылып, кайрымдуулук долбоорлорунун автору болгон. 1994-жылы ЮНЕСКОнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалып, 1995-жылы Бразилиянын спорт министри кызматын аркалаган.
Былтыр сентябрда Пеленин жоон ичегисинен залалдуу шишик аныкташкан. 2022-жылдын ноябрында денесин шишик басып, жүрөгү начарлагандыктан ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк спортчунун организмине химиялык терапия таасир этпей калганы маалымдалган болчу.
Футбол легендасынын каза болгонун анын кызы Келли Кристина Насимента билдирди. Рак өрчүп, органдардын иштебей калышы өлүмгө себеп болгон.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонароу Пеленин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.
1 / 15

Пеле бразилиялык "Сантос" менен франциялык "Расинг" ортосундагы жолдоштук беттеш алдында, 1961-жыл. Ал анда бир гол киргизип, "Сантос" 5:4 эсебинде жеңишке жеткен.

2 / 15

Пеле (эң бийик секиргени) 1970-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын финалындагы жеңишти жолдоштору менен майрамдап жаткан учуру. Бразилия Италияны 4:1 эсебинде утуп алган.

3 / 15

Легендарлуу футболчу жубайы менен "Алтын бут" сыйлыгын тапшыруу аземинде, 2012-жыл

4 / 15

Пеле "Орли" аэропортунда бала менен баарлашууда. Ал "Пари Сен-Жермен" менен беттешүү үчүн "Нью-Йорк Космос" командасы менен келген, 1976-жыл.

5 / 15

Спортчу Эл аралык телекөрсөтүү көргөзмөсүндө (MIPTV) Канндагы Круазетте, 2001-жыл

6 / 15

Хоккей боюнча Швециянын курама командасынын мүчөсү, дүйнөнүн чемпиону Свен Тумба-Юханссон, америкалык боксер, оор салмактагы дүйнөнүн чемпиону Майк Тайсон жана Пеле (солдон оңго) Нахабинодо гольф клубунун ачылышы менен СССРде биринчи гольф аянтчасын салуу учурунда.

7 / 15

Пеле Loto француз компаниясынын жарнамасын тартуу учурунда, 1987-жыл

8 / 15

Футболчу өзүнүн жашоосу тууралуу "Падыша белгилери" көргөзмөсүндө, 2008-жыл

9 / 15

2014-жылкы дүйнө чемпионатынын элчиси Пеле команданын мурдагы оюнчулары менен "Сантос" футбол командасынын 100 жылдыгына арналган салтанатта, 2012-жыл

10 / 15

Пеле жана аргентиналык футболчу Диего Марадона Россиянын президенти Владимир Путин менен дүйнөлүк футбол жылдыздарынын жолугушуусунда, 2017-жыл

11 / 15

Пеле Москвада СССР менен Бразилиянын курама командаларынын футбол боюнча жолдоштук беттешүү учурунда

12 / 15

2004-жылы Рио-де-Жанейродо (Бразилия) футбол падышасы Олимпиада отун көз жаш төгүп көтөрүп баратат. Факел биринчи жолу Түштүк Америкага өткөн учуру.

13 / 15

Пеле жана германиялык супермодель Клаудия Шиффер 2006-жылы Мюнхендеги стадиондо өткөн дүйнөлүк чемпионатта

14 / 15

Спортчу Коста-Рика эл аралык аэропортунда, 1997-жыл

15 / 15

2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында Камерун менен Бразилиянын беттешинин алдында трибунада Пеленин сүрөтү түшүрүлгөн чоң желек жайылды