БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ысык-Көл жана Нарын облустарында төрөт курагындагы аялдар арасында "Ооруну эрте аныктоо — өмүрдү сактайт" аталышындагы кампания өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.
Кампаниянын алкагында дарыгерлер кыз-келиндерге эмчектин залалдуу шишигин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, текшерүүдөн өтүүгө чакырышкан.
Анын натыйжасында, Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча төрөт курагындагы 1090 аял эмчек бездерин УЗИге тарттырган. Анын ичинен 336 аялда сүт бездеринде ар кандай оорулар бар экендиги аныкталып, андан ары кеңеш алып, дарылануу үчүн маммологдорго жөнөтүлгөн.
"Медициналык текшерүүдөн негизинен мекемеде иштеген аялдар өттү. Бул иш-аракеттер аялдардын эмчек безин мезгил-мезгили менен текшерип туруу керектиги боюнча маалымдуулугун арттырмакчы", — деп айтылат билдирмеде.
Анда белгиленгендей, алдыда Ысык-Көл облустук администрациясы менен Каракол шаардык мэриясы аялдардын саламаттыгына өз учурунда көзөмөл жүргүзүү максатында кольпоскопия жана маммография аппаратын сатып алууну ниеттенип жатат.