Пеленин өлүмүнөн улам Бразилия үч күн аза күтмөй болду

Бразилиянын президенти соцтармактагы баракчасына Пеле тууралуу "дүйнөгө Бразилияны таанытты" деп жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бразилиянын президенти Жаир Болсонароу Пеленин өлүмүнө байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости CNN Brasil басылмасына таянып жазды.
Бразилия футбол командасынын курамы менен үч ирет дүйнө чемпиону болгон Пеле 29-декабрда 82 жашында каза болду.
"Президент Жаир Болсонаро Пеленин элесине өлкөдө үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады", — деп жазылат маалыматта.
Болсонару мурдагы футболисттин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, өзүнүнүн Twitter баракчасына "дүйнөгө Бразиялияны таанытты" деп жазган.
Пеле аты менен дүйнөгө таанылган Эдсон Арантис ду Насименту 1940-жылы 23-октябрда Бразилияда жарык дүйнөгө келген. Оюнчу катары үч ирет дүйнө чемпиону болгон (1958, 1962, 1970) жалгыз футболчу. 92 оюнда 77 гол киргизип Бразилиянын футбол тарыхында мыкты чабуулчу аталган. Мындай жетишкендикке азыр Неймар ээ. Пеле профессионалдык карьерасында эң көп гол киргизген оюнчу катары Гиннес китебине кирген. Айрым маалыматтар боюнча, дарбазага киргизген тобунун саны 1 281 делет.
Клубдук деңгээлде Пеле 18 жыл бою "Сантосто" болду. Дагы үч жыл америкалык "Нью-Йорк Космос" клубу үчүн ойноп жүрүп, ошону менен 1977-жылы карьерасын жыйынтыктаган.
Андан кийин бир нече тасма менен сериалдарга тартылып, кайрымдуулук долбоорлорунун автору болгон. 1994-жылы ЮНЕСКОнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалып, 1995-жылы Бразилиянын спорт министри кызматын аркалаган.
Былтыр сентябрда Пеленин жоон ичегисинен залалдуу шишик аныкташкан. 2022-жылдын ноябрында денесин шишик басып, жүрөгү начарлагандыктан ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк спортчунун организмине химиялык терапия таасир этпей калганы маалымдалган болчу.
Даңазалуу футболчу Пеле көз жумду