Улан-Батор — Бишкек — Шарджа чартердик авиакаттамы ачылат. График

Авиакаттамдар монголиялык компания тарабынан жума күндөрү, кайра артка ишемби күндөрү аткарылып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-декабрынан тарта Улан-Батор — Бишкек — Шарджа чартердик авиакаттамы ачылат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматта каттамдар монголиялык Hunnu Air авиакомпаниясы тарабынан аткарыла тургандыгы айтылган.
Рейстер жумасына бир жолу — жума күндөрү (2022-жылдын 30-декабрында, 2023-жылдын 6, 13, 20 жана 27-январында), кайра артка Шарджа — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча ишемби күндөрү аткарылат.
Бишкектен Кувейтке авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда