Маекте Владимир Зеленскийдин "тынчтык формуласы", Украина менен сүйлөшүү ыктымалдуулугу, Россиянын ЕККУдагы мүчөлүгүн токтотуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
— Сиздин пикириңизде Украинада азыр Москва сүйлөшө турган саясий күч же саясатчы барбы? Же мындай күч жакын арада пайда болушу мүмкүнбү?
— Украинанын азыркы саясатчылары сүйлөшүүгө жөндөмсүз экенин баары билет. Алардын басымдуу бөлүгү русофобиялык көз карашын жашырбайт.
Атайын операция башталгандан кийин эле Владимир Зеленский сүйлөшүү тууралуу демилге көтөрүп чыкканын эске сала кетейин. Биз андан баш тартпай, өкүлдөрү менен сүйлөштүк. Бир нече жолку жолугушуу бири-бирибизге пайдалуу боло турган келишимге жетүү мүмкүн экенин көрсөттү. Бирок сүйлөшүү процесси Зеленскийдин маанилүү чечимдерди кабыл алууда өз алдынча боло албаганын ачыктады. Апрелде чырдын уланышына кызыкдар болгон англосактардын буйругу менен сүйлөшүүнү токтотуп, позициясын катаалдаштырып жиберди.
Киев диалогго даяр эмес. "Тынчтык формуласы" сыяктуу идеялары менен Зеленский Батыштын жардамына таянып Россиянын Донбасс, Крым, Запорожье, Херсонщина сыяктуу аймактарынан РФ күчтөрүн чыгарам, Москваны репарация төлөтөм деп үмүттөнүп жатат. Албетте, биз мындай шартта эч ким менен сүйлөшпөйбүз. Киев режими көзөмөлдөп жаткан аймактарда акыл-эстүү саясатчы калды деп айтуу оор, анын үстүнө башкача көз караштагы адамдарды, макул болбогон кишилерди жазалоо күчөп жатат. Сүйлөшө турган чыныгы күч болобу-жокпу, аны аман болсок көрө жатарбыз.
— ЕККУдагы кырдаалды эске алып Москва мүчөлүгүн сактап калышы керекпи? Уюмдан чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе көтөрүлүшү ыктымалбы?
— ЕККУдагы абал анча жакшы эмес, муну түз эле айтыш керек. Уюм тең укуктуу диалог жана кызматташуу үчүн аянча катары түзүлгөн, бирок акыркы жылдары түпсүз кризиске кептелди. Батыш ЕККУну жамааттык кызыкчылыгын алдыга жылдыруу үчүн инструмент катары колдонуп, пропагандалык жаакташуунун аренасына айландырып алды. 2022-жылы уюмга антироссиялык маанайдагы Польша төрагалык кылды. Биздин баамыбызда, польшалыктар ЕККУнун ишин жокко чыгаргандан тышкары эч нерсе кылган жок.
Бул биз үчүн күтүүсүз болду дей албайм. Анткени ЕККУга да, НАТОго да мүчө болгон Батыш өлкөлөрү көптөн бери уюмдун принциптерин көзгө илбей, еврокоопсуздук жаатындагы базалык документтерди тоотпой келишет. Мисалы, НАТОнун кеңейип, аскердик инфраструктурасынын Россия чек арасына жакындап келиши бирөөнүн коопсуздугунун эсебинен өз коопсуздугун камсыздоого укук берилбейт деген норманы одоно бузуп жатат. Азыр биз мурунку өнөктөштөрүбүздүн алысты көрө албаган, өзүмчүл саясатынын үзүрүн көрүп жатабыз. Ишеним биротоло жок болду. Бир сабак алдык: эгер качандыр бир кезде чогуу-чаран иштеп калгыдай болсок, баарын жаңыдан жаңы ыкма менен баштоо керек, эскилери эми жарабайт.
— Ирандын өзөктүк куралы боюнча макулдашуунун айланасындагы кырдаалга кандай баа бересиз? Документ боюнча ишти калыбына келтирүү мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо региондо абал курчуп кетпейби?
— Россия дипломатиясы кол куушуруп отуруп калууну жактабайт. Баары бүттү, өлдүк эле өлдүк деген позицияны Батыш көбүрөөк карманат. Иран тараптан болчу кооптуулук менен дүйнөнүн баарын коркута баштайт. Ошол эле маалда АКШ алеки саатта "өзөктүк келишимди" бузуп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2231 резолюциясында каралган милдетин аткаруудан баш тартканга чейин документ жакшынакай эле иштеп келгенин бири да эстегиси келбейт. Бул 2018-жылы майда болгон окуя.
Тарыхый макулдашууну калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жооптуу чечим кабыл алчу деңгээлге жетти. биз буга даярбыз. Президент Владимир Путин тараптардын баарынын өз милдеттерин так аткарышы максатка жетүүнүн эң майнаптуу жана кыска жолу экенин бир нече жолу айткан.
Биз жөнөкөй, баарына түшүнүктүү моделди сунуштадык: АКШ менен Иран бир маалда жана этап-этабы менен бири-бирин көздөй кадам таштап, акырындык менен документтин бардык талаптарын аткара башташы керек эле. Деталдар майда-чүйдөсүнө чейин иштелип чыккан. Саясий эрк болсо мындай аракет ишке ашат.
Ал эми мына-мына дегенде америкалыктар менен европалыктар Ирандын ички саясатындагы кырдаалды курчутуп чалкасынан кеткени өзүнчө кеп. Ноябрда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинде антиирандык резолюцияны сунушташты, ал Россия менен Кытай эле эмес башка бир катар өлкөлөр тарабынан да колдоого алынган жок. Андан тышкары, батыштагылар БУУнун Коопсуздук кеңешинде Иран Россияга учкучсуз аппарат берип жатат деп чуу чыгарууга аракет кылышты. Баягыдай эле, бир да факты жок, куру доомат. Факты келтиргенге аракет да кылышкан жок.
Ал арада турмуш Иран боюнча макулдашуунун акылга сыярлык альтернативасы жок экенин көрсөттү. "План Б" жана башка варианттар тууралуу айтылгандардын баарын жоопкерчиликсиз билдирүү деп санайбыз. Нукту, багытты өзгөртүү абалды чыңалтып, курал-жарак жарышын, кесепети оор конфликтилерди шарттайт.
Ирандын айланасындагы абалды жөнгө салуу үчүн Россия Перс булуңунун аймагындагы жамааттык коопсуздукту камсыздоочу концепцияны сунуштаган. Былтыр документ аталган аймактагы өлкөлөргө таанышуу үчүн берилген. Акыркы чечимди ошолор кабыл алат.
— Жакын арада Армения менен Азербайжан тынчтык келишимине кол коюшу мүмкүнбү? Анда Тоолуу Карабахтын макамы камтылабы?
— Бул суроону негизи сүйлөшүп жаткан тараптарга, башкача айтканда, Баку менен Ереванга берүү туура болмок. Кийинки аракеттердин динамикасын жана тынчтык келишиминин мазмунун дал ушул эки өлкө аныктайт. Азербайжан менен да, Армения менен да байланышы бекем Россия бул процесске колунан келишинче жардам берип келет.