БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Эсептөө палатасынын кызматкерлери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө барып, дары-дармектерди сактоочу муздаткычтарды алып беришти. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлады.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов баштаган Эсептөө палатасынын кызматкерлери аталган бөлүмдүн пациенттерин, алардын ата-энелерин жана медицина кызматкерлерин келе жаткан жаңы жылы менен куттукташкан.
"Мен бул оору менен күрөшүп жаткан балдардын эрдигине жана туруктуулугуна суктанам. Баарыңардын тезирээк сакайып кетишиңерди, бул жерге кайра кайтып келбесиңерди каалайм. Эң негизгиси, ден соолугуңуздар мыкты болсун, бактылуу болгула. Балдар — биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги. Баарыңарды сак-саламатта көргөндөн өткөн бакыт жок. Ошондой эле бардык дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин тынымсыз эмгегиңиздер чыныгы сыйкырдуулук жаратып жатат", — деген Акматов.
Эсеп палатасынын кызматкерлери быйыл да жаңы жылдык корпоратив өткөрүүдөн баш тартып, кызматкерлер өздөрүнүн жеке каражаттарынан оорулуу бөбөктөргө жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурган. Ал акчага таттуу белектерди, ар кыл китептерди, балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө дары-дармектерди сакташ үчүн муздаткычтар берилгенин билдиришти.
"Бардык ата-энелердин, бөлүмдүн кызматкерлеринин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргызстандын Эсептөө палатасына белектери үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Бизге 150 миң сомго жабдуу, белек сатып беришти. Мындай колдоо биз үчүн абдан маанилүү”, — деген Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова.
Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Ак-Суу мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын жаңы жылы менен куттукташкан.
Аталган ведомствонун Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн жамааты да Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жана Кара-Суу районундагы керең балдар үчүн адистештирилген бакчага жаңы жылдык белектерин тапшырган.