Жылмаюу, селфи, кол тамга. Бишкектеги президенттик балатынын ирмемдери

Кыргызстандын борборунда президенттик балаты болду. Sputnik Кыргызстан иш-чарадан тартып алган сүрөттөрдү окурмандарга сунуштайбыз.
Sputnik
Майрам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өттү. Ага өлкөнүн ар кыл бурчунан мыкты окуган, олимпиадада, эл аралык сынактар менен турнирлерде жеңген окуучулар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон тартип коргоо жана аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон бүлөлөрдүн балдары чакырылды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр келишти. Жалпы 1 100 бала майрамдады.
Жаңы жылдык бул иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты. Конокторго жеткинчектердин бий жамааттарынын күчү менен даярдалган "Жакшылык ыроологон Жаңы жыл" деген аталыштагы театралдык-музыкалык майрамдык программа тартууланды.
Мамлекет башчысы майрамдын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан жаңы жылда ири ийгиликтерди, кызыктуу идеяларды, жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди каалады.
Аягында балдарга президенттин атынан белектер тапшырылды.
1 / 15

Майрам Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өттү

2 / 15

Президенттик балатыга өлкөнүн ар кыл бурчунан 1 100 бала чакырылды

3 / 15

Аяз ата менен Аяз кыз концерттик программага келишти

4 / 15

Жаңы жылдык бул иш-чарага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышты

5 / 15

Чакырылган конокторго жеткинчектердин бий жамааттарынын күчү менен даярдалган "Жакшылык ыроологон Жаңы жыл" деген аталыштагы театралдык-музыкалык майрамдык программа тартууланды

6 / 15

Бул майрам балдардын эсинде көпкө калары шексиз

7 / 15

Бугу, аппак кар жана ийилчээк бийчи кыз

8 / 15

Концерт жеткинчектердин бий жамааттарынын күчү менен даярдалган

9 / 15

Бул күнү филармонияда балдардын күлкүсү жаңырып турду

10 / 15

Кыргызстандын президенти кыргызстандык бөбөктөрдү кирип келе жаткан 2023-Жаңы жыл менен куттуктады

11 / 15

Жапаров балдарга жаңы жылда ири ийгиликтерди, кызыктуу идеяларды, жаңы ачылыштарды жана жеңиштерди каалады

12 / 15

Концерттик программаларды балдарга жакканын кунт коюу менен көрүп, бир тобу телефонуна тартып алганынан байкоого болот

13 / 15

Жаңы жылдык маанай, курсант болгон көңүлдөр, президенттик балаты

14 / 15

Президент Садыр Жапаров майрамык балатыга келген кичинекей кыздын өтүнүчүн орундатып, кол тамга калтырып, каалоосун жазып берип жатат

15 / 15

Садыр Жапаров балдарга белек тартуулап жаткан учур

Тема боюнча:
Көз чачырайт! Пакистандагы үлпөт мода жумалыгынан 10 сүрөт
Байдаркадагы Сантадан тарта Сириядагы айыпсыз балдарга чейин. Апта ирмеми
Мессинин ачуусу, Неймардын көз жашы... Дүйнө чемпионатындагы эмоциялар