Андан да кызыгы, эскалацияны көзөмөлдөөнү көздөшөт. Азыркы каатчылыкта Вашингтондун негизги милдети Россияны "жазалоо" жана "ооздуктоо" экенин белгилешет RAND борборунун талдоочулары. Аталган докладга көз жүгүрткөн серепчи Виктория Никифорова бул туурасындагы ойлорун РИА Новости сайтына жарыялаган.
RAND доклады Украинадагы жаңжалды ырбатуунун кийинки эпкинине жоопкерчиликти эмитен эле Россияга жүктөгөн. Бул америкалык чагымчыл аракеттерди жаап-жашыруунун классикалык үлгүсү экени баарына маалым эмеспи. Украина Куралдуу күчтөрү тарабынан бомбаланган Запорожье атомдук электр станциясындагы окуя үчүн да америкалык билермандар маалымат айдыңына дароо Россияны айыптаган материалдарды байма-бай чыгарып турбадыбы. Андай "аналитика" окурмандарды Россия кырдаалды курчутуп жатканына ынандырууну көздөйт. Андай сюжеттин алкагында америкалыктар кадамдарын АКШны жана НАТОдогу союздаштарын "коргоо" деп атай турганы айдан ачык.
Борбордун изилдөөсүндө Москва жапырт жабыркатуучу өзөктүк, биологиялык же химиялык куралды пайдаланары жоромолдонот. Докладдын авторлору россиялык күчтөр НАТОго мүчө-мамлекеттердин территорияларына же АКШ менен НАТОнун аскердик, ошондой эле космостогу объектилерине чектелген өзөктүк эмес соккусу жөнүндө гана талкуулашкан.
Кырдаалды курчутуунун сценарийи үч бөлүктү камтыйт. Биринчи кадам — Россиянын АКШнын НАТОдогу союздашына болжолдуу чабуулу. Экинчиси —Вашингтондун андай кадамга реакциясы. Үчүнчүсү — Москванын ошол реакцияга жообу. Америкалыктар үчүн экинчи кадам эң маанилүү. Бир жагынан Вашингтон союздаштарына НАТО уставынын бешинчи беренеси иштеп, Кошмо Штаттар европалык желдеттерин дайым коргой турганын көрсөтүүгө тийиш. Анан да Россияны кайра жооп кайтарууга түртпөй тургандай кадам таштоону каалашат.
"Америка Кошмо Штаттарынын саясаты НАТО менен Россиянын ортосундагы согушка жол бербөөнү көздөйт. Россиянын НАТОго чектелген кол салуусу андай максатты жокко чыгара албайт", — деп эскертишет талдоочулар.
Согуштук аракеттердин төрт сценарийи каралат. Биринчисинде Россия, маселен, Польшадагы ээн турган кампа же аэродромго ракеталык сокку уруп, ошол эле учурда Вашингтондон Украинаны курал менен жабдууну токтотууну ачык талап кылат.
АКШ андайда кандай аракет кылат? НАТО боюнча союздашы, албетте, андайга чара көрүүнү талап кылары турулуу. Бирок Россиянын территориясына сокку уруу кырдаалды андан ары ырбатары ырас.
Инфраструктураны кыйратуучу киберчабуулдар да тобокелдүү. Жаңы экономикалык санкциялар Россияны эле эмес, башка бир катар мамлекеттерди чоң көйгөйлөргө салат. Бул вариантта RAND борборунун аналитиктери АКШ дипломатиялык басым жана экономикалык таасир этүү чаралары менен гана аракет эте аларын карашат. Анткен менен НАТОнун жабыр тарткан мүчөсү нааразы болуп, союздаштардын арасында ажырым жаралышы ыктымал.
Экинчи вариант — максаттуу багытталган кол салуу, маселен, космостогу америкалык спутникти жок кылуу. Спутниктерге кол салуу жүргүзүлгөн аянтчаларга АКШнын чабуулу курмандыктарга дуушар кылат. Анан да Россиянын территориясындагы буталарга ачык кол салуу кырдаалды дагы катуу ырбатышы мүмкүн.
RAND аналитиктери мында Россияга аскерий эмес чабуулдардын кеңии түрү менен чектелүүгө болот деп эсептешет. Мисалы, пропагандалык айыптоо, дипломатиялык кысым жана экономикалык санкциялар.
Үчүнчү вариантта талдоочулар Россия Украинаны курал менен камсыздоо жүргүзүлгөн Польша жана Румыниядагы үч авиабазага ракеталык сокку уруу божомолун карашат. Андайда Россиянын территориясына ракеталык сокку урууга басым жасалары жоромолдонот. Булардын баары аскерий эмес аракеттер, атап айтканда, Украина темасына боюнча дипломатиялык диалогду жөнгө салуу менен коштолушу шарт дешет.
АКШ Москвага Украинадагы жаңжал өзүнчө кеп, ал эми НАТО менен тирешүү таптакыр башка тема экенин түшүндүрүүгө тийиш деп эсептешет изилдөөчүлөр. Алардын айтымында, мындай чаралар көрүлсө да, Москва ал соккулар АКШ жана НАТО менен толук масштабдуу согушка киришүү деген ойдо калбагыдай аракет этүү керектигин белгилешет.
Төртүнчү сценарий АКШнын Европада жайгашкан аскер базаларына, анын ичинде Рамштайн базасы жана Роттердамдагы портко масштабдуу (же "кыйла ооздукталган") россиялык чабуул сүрөттөлөт. Аналитиктер андай болуп кетсе жоокерлерден да, жайкын тургандардан да баш-аягы эки жүздөй киши набыт болорун боолголошот. Ага жооп катары RAND борбору жаңы россиялык территорияларга Вашингтон алар Украинага таандык деп эсептейт деген шылтоо менен сокку урууну сунушташат. Ошол эле убакта андай соккуларды Москва НАТО менен согуш катары кабылдабай тургандай аракет этүү зарыл экенин баса белгилешет. Анткени америкалык стратегдердин планында андай сокку уруулар жок. Анан да бул стратегияны Россиянын өзөктүк куралга ээ болушу татаалдаштырат.
АКШдагы аскердик эскалация башкармалыгы — бүтүндөй бир илим. Аны дасыккан талдоочулар, эксперттер, институттар тейлейт. Жалган маалымат жайылтуу жана пропаганданын масштабы айран таң калтырарлык. Ашкере баео жандардын да НАТО менен согуш жакындамак тургай, маңызында ушул тапта жүрүп жатканына көзү жетип калды.
Жогоруда аталган аянтчалардын баарында америкалык аскерлер өз чагымдарын оңой эле уюштура алышат. Керек болсо аларга украиналыктар көмөктөшөт. RAND борборунун доклады толугу менен НАТОго мүчө болгон бир европалык мамлекеттин территориясында америкалык чагымды пландоо, ошол эле маалда буга Россияны айыптоо аракетиндей сезилет.
Ал эми муну Кошмо Штаттар чабуул коюуга себеп катары шылтоолошу толук ыктымал. Бул үчүн алар аэродром же аскер базасында, портто же курал кампасында жардыруу уюштурары ажеп эмес. Эгер тарыхка кайрылсак, ар бир америкалык агрессия масштабдуу чагымдардан тутанган. Андай ойдон чыгарылган шылтоолорго сан жетпейт. "Мэн" крейсеринен Тонкин кысыгындагы кырсыкка, Саддам Хусейндин биологиялык куралынан Запорожье атомдук электр станциясын жардыруу аракеттерине дейре тизмектөөгө болот.
RAND агенттигинин соңку доклады маңызында НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн территориясында мындай чагымдарды жүргүзүүнүн жакшы сүрөттөлгөн гана планы. Польша сымал мамлекеттер өз аймагын да буга сунуштап, калкын да америкалык кожоюндарынын кызматына салып берери бышык. Жоготуулар, курмандыктардын күтүлүшү да, кыязы, аларды токтото албайт окшойт. Болгону америкалыык стратегдер иш жүзүндө Россияны толук масштабдуу куралдуу тирешке түртүүгө даай алабы, кеп ошондо.
"Душмандарыбызды токтотуп турган жападан жалгыз нерсе — Россия өзөктүк ооздуктоо багытында РФтин Мамлекеттик саясатынын негиздерине таянарын түшүнгөндөрү, — деп белгилеген Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев жакындагы эле макаласында. — Эгер реалдуу коркунуч туулса, ал боюнча аракетке өтөбүз. Эң жаманы, баары бүткөндө ким алгачкы болуп кол салып, кай тарап жооп кайтарганын эч ким териштирип отурбайт". Макаланы корутундулоо үчүн мындан артык пикир болбостур.