Эл аралык каржылык билим берүү тармагы тарабынан иштелип чыккан финансылык сабаттуулуктун деңгээлин баалоо инструменттерине ылайык, Кыргызстан 11,6 балл алып (максималдуу балл - 21), калктын финансылык сабаттуулук деңгээли орточо болуп чыкты. Кыргызстандыктар финансылык аракет, финансылык мамиле жагынан КМШ өлкөлөрү арасында алдыңкы орунда болсо, финансылык билим жагынан аксайт. Бул тууралуу Кубаныч Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөнүн "коопсуздук жаздыкчасы" алты айлык киреше же чыгаша болушу шарт.
"Финансылык жактан сабаттуу адам киреше, чыгашаларына эсеп жүргүзүп, аларды туура колдоно билет, өз келечегин узак жылдарга пландап жана финансылык жоготууларга даяр болот. Тапкан каражатты пайдалуу колдоном десеӊиз кирешени жана чыгашаны туура анализдеңиз. Алгач блокнотко жазуудан баштаган абдан туура. Адам үч ай жазып көрсө ошол эсептөөгө көнүп калат. Ошол жерден пайдасыз, ашыкча чыгымдар анык болуп калат. Чыгашалардын санын мүмкүн болушунча кыскартууга аракеттениңиз. Топтогон акчаңызды капчыкка катып жата бербей, акчадан акча жасоонун жолдорун үйрөнүңүз. Мисалы, депозит ачып, банкта сактаңыз. Акчаңызга үстөк пайыз кошулуп каражатыңыз көбөйөт жана ишенимдүү корголот. Мындан сырткары, ар кандай облигация, мал сатып алыңыз. Изилдөөлөргө ылайык, адам тапкан акчасынын 10-20 пайызын анча зарыл эмес, керексиз нерселерге жумшайт. Андай каражатты өзүнчө эсеп ачып ошол жерге салып турса да болот. Ар бир адам кыйын кырдаалга тушуккан окуяларга деп запаска акча сактоосу керек. Бул "коопсуздук жаздыкчасы" деп аталат. Анын өлчөмү – минималдуу алты айлык, эӊ оптималдуу бир жылдык киреше-чыгашасы болушу шарт. Мисалы, пандемия сыяктуу оор учур же ар кандай күтүлбөгөн кырсык, оору болуп калышы ыктымал. Азыр интернет заманында көптөгөн онлайн-ресурстар иштейт (www.finsabat.kg сайтында кызык маалымат, пайдалуу макалалар, инструменттер жана тесттер бар, медиаклуб бөлүгүндө 100дөн ашуун видеороликтер бар). Ошолор аркылуу же китептерди окуу менен финансылык сабаттуулукту жогорулатууга болот", — деди Мүсүралиев.
Ал Улуттук банк 2016-2020-жылдарда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын жүзөгө ашырганын, учурда финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясы бекитилип, программа 2022-2026-жылдарга чейин узартылганын кошумчалады.