Бүгүн Садыр Жапаровдун катышуусунда өкмөттүн жыйынтыктоочу жыйыны өтөт

Өкмөттүн жыйынтыктоочу жыйыны бүгүн, 28-декабрда, саат 14:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Жыйында министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, ошондой эле өкмөттүн 2023-жылга карата иш планы каралат", — деп айтылат маалыматта.

Жыйын саат 14:00дө башталып, УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.
Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.
Садыр Жапаров Санкт-Петербургдан Бишкекке кайтып келди