Көз чачырайт! Пакистандагы үлпөт мода жумалыгынан 10 сүрөт

Пакистанда кезектеги үлпөт мода жумалыгы болуп өттү. Sputnik Кыргызстан агенттиги Чыгыштын көз жоосун алган көйнөктөрүнүн сүрөттөрүн чогултту.
Sputnik
Hum Bridal Couture Week 2022 Лахордо өткөн. Быйыл фэшн иш-чарага 20 жыл толду, Пакистандын үлпөт мода жумалыгы мода дүйнөсүнө 2011-жылы кирген. Ошондон бери маанилүү иш-чаралардын катарында. Эки жылда бир өтчү жумалыкка ааламдын төрт бурчунан көз салышат.
Үлпөт мода жумалыгына 30дан ашуун бренд менен дизайнерлер катышкан. Белгилей кетсек, Пакистанда жаштардын баш кошуусу төрт күнгө созулган жөрөлгө, андыктан келиндин көйнөгү канча көп болсо, ошончо жакшы деп эсептелет.
1 / 10

Hum Bridal Couture Week 2022 Лахордо өттү

2 / 10

Быйыл фэшн иш-чарага 20 жыл толду, Пакистандын үлпөт мода жумалыгы мода дүйнөсүнө 2011-жылы кирген. Ошондон бери маанилүү иш-чаралардын катарында.

3 / 10

Иш-чарага 30дан ашуун бренд менен дизайнерлер катышкан

4 / 10

Пакистанда жаштардын баш кошуусу төрт күнгө созулган жөрөлгө, андыктан келиндин көйнөгү канча көп болсо, ошончо жакшы деп эсептелет

5 / 10

Чыгышта келиндин көйнөгү актан башка да түстөрдө болот. Бул — дизайнерлердин ой чабыты үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

6 / 10

Көпчүлүктүн көңүлүн адатка айлангандай эле көйнөктөрдүн жасалгасы бурду. Мунун баары колго сайылган.

7 / 10

Түркүн түстөгү кездемеден салттуу жана заманбап көйнөктөр сунушталды

8 / 10

Дизайнерлер үйлөнүп жаткан жигитти да көз жаздымда калтырган эмес. Подиумда классикалык улуттук варианттар менен кошо заманбап сүртүмдөр кошулган образдар да болду.

9 / 10

Келиндин баш кийими менен аксессуарларынан кымбат баалуу таш аяшпайт

10 / 10

Эки жылда бир өтчү жумалыкка ааламдын төрт бурчунан көз салышат