Айдоочулар айып пулдун бар-жогун текшере алат. "Төлөм" системасы ишке кирет

Айып пулду төлөбөгөн айдоочулар үчүн жазалоо коркунучу бар экендиги эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Эми Кыргызстандын айдоочулары "Төлөм" автоматташтырылган жаңы маалымат системасында айып пулдун бар-жоктугун текшере алат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Ведомство бул системаны Башкы прокуратура менен ишке киргизүүдө.
Катталган бардык укук бузуулар жана жол кыймылынын эрежелерин бузган адамдар жөнүндө маалыматтарды чогултуу бирдиктүү реестринин милдеттери болуп саналат. Реестрдин дареги — www.tolom.kg. Айып пул бар же жок экенин билүү үчүн автокөлүктүн номерин жана ПИН-кодду киргизүү керек.
Жол инспекторлорунда онлайн режиминде текшерүү процессин тездетүүгө жана укук бузуулар боюнча иштерди (электрондук форматта) өндүрүшкө киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү планшеттер бар. Төлөм кодун киргизүү менен айыпты дароо төлөй аласыз. Маалымат системада заматта көрсөтүлөт.
Айыпты төлөбөгөн учурда айдоочуларга төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камакка алуу;
банк эсебин камакка алуу;
чет өлкөгө чыгууга жана документтерди кайра каттоого чектөө;
төлөнбөгөн айып сот органдарына өндүрүп берүү үчүн жөнөтүлөт.
ИИМ: айдоочулар шаар аралык каттамды бир күндө бир гана жолу жасасын