Сузакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана милиция кызматкерлери кармалды. Сүрөт

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана райондук милициянын кызматкерлери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Кылмыштуу топтун мүчөлөрү тоноочулук кылган делсе, милиция кызматкерлери алардын кылмышын жашырган деп шектелүүдө. Маалыматта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана кол алдындагы эки кызматкери кармалганы маалым болду.
1 / 6

Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана райондук милициянын кызматкерлери кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди

2 / 6

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү тоноочулук кылган делсе, милиция кызматкерлери алардын кылмышын жашырган деп шектелүүдө

3 / 6

Маалыматта кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана кол алдындагы эки кызматкери кармалганы маалым болду

4 / 6

УКМК үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганын аныктаган

5 / 6

Анын кесепетинен бир жаран жабыркап, бычакталып ооруканага жеткирилген

6 / 6

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшпөгөндүгү айтылган

УКМК үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганын аныктаган. Анын кесепетинен бир жаран жабыркап, бычакталып ооруканага жеткирилген.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшпөгөндүгү айтылган.
"Райондук милиция кийин издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен өз ара сүйлөшүп, кылмышты жашыруу үчүн талап кылынган паранын суммасын айтышкан", — деп жазылат маалыматта.
УКМКнын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери алардын айрымдарын кармап, ок атуучу куралдарын тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан өздөрүнө өткөрүп беришкен. Сузак РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда тапанча табылган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 9-декабрда каракчылык фактысын жасаган бул топтун беш мүчөсү кармалган.
Учурда бул кылмыштуу топтун жүргөн жерин аныктоо жана башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, издөө жарыялады