БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Өнүктүрүү фондуларынын жана мамлекеттик банктардын жетекчилери бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө активдүү катышууга милдеттүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Координациялык кеңештин жыйындары жаңы бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу жана издөө мүмкүнчүлүгү катары эмес, өкмөттүн жумушчу жыйынын өткөрүү катары кабылданууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
"Өнүктүрүү фондуларынын жана мамлекеттик банктардын жетекчилери бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө активдүү катышууга милдеттүү. Мен сиздердин демилге жана сунуштарыңызды, ошондой эле долбоордук кеңсе жана Координациялык кеңештин катчылыгы менен тыгыз кызматташууну күтөм", — деди Төрөбаев.
Ал эки жумалык мөөнөттө "Билим кенч" жеке менчик мектебин, "Кант шина кайра иштетүүчү заводун", "Фарма Нур" жана "Экобайк" фармацевтикалык компанияларга тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча негиздүү сунуштарды берүү тапшырмасын берди.
Төрөбаев отурумду жыйынтыктап жатып өнүктүрүү институттарына республикадагы макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иштелип чыккан долбоорлорду кароого жана алдыга жылдырууга активдүү катышууну сунуштады.