Ундун кымбатташы: Экономика министрлиги өзүнүн түшүндүрмөсүн айтты

Министрдин орун басары кошумча нарк салыгынын нөлдүк деңгээли социалдык маанилүү товарлардын баасына таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. – Sputnik. Айыл чарба министрлиги менен биргеликте ун өндүрүүчүлөр үчүн кошумча нарк салыгын нөлгө түшүрүү боюнча министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.
Эске салсак, ун өндүрүүчүлөр Кыргызстанда 1-январдан тарта ун, нан жана жем кымбаттай турганын маалымдашкан.
Алардын айтымында, төмөнкүдөй себептер бар: 31-декабрда импортко, данды кайра иштетүүгө кошумча нарк салыгынын (КНС) нөлдүк ставкасынын мөөнөтү аяктайт жана буудай ташып келүүдө көйгөйлөр бар.
Министрдин орун басарынын айтымында, кошумча нарк салыгынын нөлдүк деңгээли социалдык маанилүү товарлардын баасына таасирин тийгизип жатат.
"Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинде жеңилдиктерди узартуу боюнча чечимдин долбоору каралып жатат. Бүгүн же эртең оң чечим кабыл алынышы күтүлүүдө", – деп жооп берди Үсөнбекова.
Аткаминер айым жеткирүүдөгү көйгөйлөр боюнча кабарчынын тегирменчилердин сөзүнө комментарий берүү өтүнүчүнө, бул маселе көзөмөлгө алынганын билдирди.
"Бул маселе Евразиялык экономикалык комиссия аркылуу иштелип чыгып, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда эгин ташыган вагондор өтүп жатат", – деди Үсөнбекова.
Өкмөттөн өлкөдө тамак-аш боюнча маселе кандай абалда экенин айтып беришти