Бустун айдоочулары GoBus автобустарынын Бишкектен Караколго катташына каршы

Биринчи жолу айдоочулар өткөрбөй койгонго аракет кылышкан, андан соң жолду бустар менен тоскон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Маршруткалардын айдоочулары Бишкек — Каракол багыты менен жүргөн GoBus автобустарынын катташына тоскоолдук жаратууга эки ирет аракет кылышты. Бул тууралуу аталган ЖЧКнын башкы директору Бермет Жумазаева билдирди.
Компаниянын түптөөчүлөрүнүн бири — Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд. Буга чейин "Манас" аба майданына атайын маршруткалар жүрө баштаган, ал эми бир аз убакыт мурда автобустар Каракол шаарына каттам ачкан.
Биринчи рейс чатак менен башталган. Жумазаеванын айтымына караганда, кечээ, 26-декабрда, № 501 (соңку чекити Батыш автобекети) маршрутканын айдоочулары жолду тосуп алышып, транспорттун чыгып кетишине тоскоолдук жаратышкан.
"Андан кийин транспорт инспекциясы тарабынан текшерүү болду. Айтор, кечээ чыгып кетишкен. Төрт аялдамадан авто жана транспорт инспекциясы документтерди текшерген", — деди Жумазаева.
Башкы директор бул буюртма менен жасалган текшерүү болду деген пикирин кошумчалады.
"Бүгүн Караколдон Бишкекке рейс бар болчу. Алар өздөрү тоскону менен эч нерсе кыла албастыгын түшүнүп, Караколдогу акыркы аялдамага бус менен келип, жолго маршруткаларды тизип, тосуп коюшкан. Милиция чакырдык", — деди Жумазаева.
Анын айтымында, Караколдон Бишкекке кетчү автобус убактысынан кеч чыккан. Бүгүн Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун президенти бул маселе боюнча өкмөткө барды.
"Атаандаштыкка ушундай жол менен чыдайбыз деп жатышат, бирок мындай болбошу керек. Жүргүнчү кандай транспорт менен кетерин өзү чечиши керек", — деп кошумчалады ал.
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы бул боюнча кечирээк комментарий беришерин айтты.
Бишкек мэриясы өтө ылдам жүрүүчү автобустарды жүргүзүүнү сунуштоодо