БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк рынокто Батыштын нефть баасын чектегенине жооп берчү Россиянын кадамдарынан улам тынчсыздануу бар. Бул тууралуу франциялык Les Echos гезити жазганын РИА Новости кабарлады.
Басылманын айтымында, кооптуулукка Россиянын нефть өндүрүүнүн көлөмүн кыскартууга даярдыгы негиз болууда, себеби өндүрүштүн болор-болбос үзгүлтүккө учурашы эле ансыз да олку-солку болуп турган рыноктогу кырдаалды курчутуп жиберет.
Акыркы жумаларда нефть баасы жыл ичиндеги эң төмөн көрсөткүчкө жеткен, бирок рынокто сунуш азайып, "антиковиддик" саясатын жумшарткан Кытайда суроо-талаптын күчөшү менен кайра наркы жогорулаганына бир нече күн болду.
Нефтинин кымбаттоосуна АКШдагы кара алтындын запасы азайып, резервди толтуруу үчүн нефть сатып алына баштаганы тууралуу маалыматтардын жарыяланышы да себеп болгон.
Эскерте кетсек, 5-декабрдан тарта Батыштын Россияга карата нефть санкциясы күчүнө кирген. Евробиримдик деңиз менен ташылган россиялык мунайды кабыл алуусун токтотту. Ал эми "Чоң жетилик" өлкөлөрү, Австралия жана ЕБ деңиз аркылуу келген нефтинин бир баррелине 60 доллар өлчөмүндө бааны бекитип берген, андан кымбатын ташып камсыздандырууга тыюу салынат.
Россия президенти Владимир Путин Батыштын чечимине комментарий берип жатып Москва чектөөлөрдү колдоого алган мамлекеттерге нефть сатпай турганын билдирген. Мындан тышкары, жакын арада жооп чаралары тууралуу жарлык чыгары белгилүү болду. Өткөн жума күнү вице-премьер Александр Новак Россия нефть баасынын чектелишинен улам келишимдерде Батыштын шартын аткарууну талап кылган мамлекеттерге жана юридикалык жактарга мунай сатууга тыюу саларын белгиледи. Анын айтымында, Россия керек болсо өндүрүштүн көлөмүн азайтууга да даяр, кийинки жылдын башында көрсөткүч 5-7 пайызды түзүшү мүмкүн.