БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бүгүн, 26-декабрда, президент Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Делегациянын курамында президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.
Эске салсак, КМШ мамлекет жетекчилеринин бейформал жолугушуусу 26-27-декабрда Санкт-Петербург калаасында болот. Бул КМШ лидерлеринин узап бара жаткан жыл ичиндеги экинчи жолугушуусу болуп калмакчы.