РСК банк башка банк менен биригеби? Расмий жооп

РСК — Кыргызстандын мамлекеттик банкы жана өлкөдөгү эң ири банктардын бири.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "РСК Банк" ААК каржы мекемеси штаттык режимде иштеп жаткандыгы тууралуу расмий билдирүү таратты.
Социалдык тармактарда РСК банкына байланыштуу көйгөйлөр болуп жаткандыгын жазышууда. Постто бул финансы-кредиттик мекеменин банкоматтарында накталай акча жок экени жана башка банк менен биригүүсү күтүлүп жатканы белгиленген. Ошондой эле башка банктар РСК карталарын кабыл алууну токтотушу мүмкүн экени да айтылууда.
Банк мындай билдирүүлөргө жооп катары анын бардык бөлүмдөрү менен банкоматтары штаттык режимде иштеп жатканын айткан.
"РСК банктын башка банк менен биригиши боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Дүрбөлөңгө түшүп, кооптонууга эч кандай негиз жок. Расмий булактарга гана ишениңиздер", — деп билдирди РСК.
Буга чейин ЖМКлар РСК менен "Керемет банктын" базасында Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (ушул жайда катталган) түзүлөрүн жазып чыгышкан. Өткөн аптада Евгения Судец Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалган.
Кыргызстанда 3 645 ишкер өкмөт тарабынан пайызсыз насыя алды