Өкмөт кафе, ресторандар менен туроператорлордун салыгын азайтууга белсенди

Долбоордо салыктардын ставкасы эки пайызга төмөндөтүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги коомдук тамактануу жана туризм тармагында салыкты азайтууну сунуштады.
Аталган демилге "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунда камтылган.
Учурда ресторан, кафе, ашкана, тез татым, бар жана башка коомдук тамактануу пунктулары 8 пайыздык ставка менен салык төгөт.
Долбоордо коомдук тамактануу субъектилери үчүн төмөнкүдөй бирдиктүү салык ставкасы каралган:
Бишкек жана Ош шаарларында:
6 пайыз — накталай түрдө;
4 пайыз — накталай эмес формада.
Өлкөнүн калган аймагында:
5 пайыз — накталай түрдө;
3 пайыз — накталай эмес формада.
Туризм тармагын колдоо максатында туроператордук ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкаларын да төмөндөтүү сунушталган. Азыр алар кирешесинин 6 жана 4 пайызын төлөйт. Эми накталай түрдө 4 пайыз, накталай эмес формада 2 пайыз болмокчу.
Аталган мыйзам долбоору парламенттин кароосуна киргизилди.
Банктык сырды ачуу, бирдиктүү режим. Салык мыйзамдарын өзгөртүү сунушталууда