Январь айында 1200 мектеп компьютердик жабдуулар менен толук камсыздалып бүтөт

Жабдууларды алган мектептерде мультимедиалык класстар түзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Өлкөдөгү 1200 мектепке жана педагогикалык сегиз колледжге компьютердик жабдууларды жеткирүү иштери башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү. Калгандарын 2023-жылдын январь айынын аягына чейин камсыздоо пландалууда.
1 / 2

Өлкөдөгү 1200 мектепке жана педагогикалык сегиз колледжге компьютердик жабдууларды жеткирүү иштери башталды

2 / 2

Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү

Мектептерге берилип жаткан жабдуулардын комплектине 21 персоналдык компьютер, алты проектор, эки коммутатор, бир үзгүлтүксүз электр энергия булагы жана көп функционалдуу бир принтер кирет.
Долбоордун алкагында мектептер жана колледждер электрондук китепканаларды ачуу үчүн эмеректер менен жабдылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инфраструктура, анын ичинде электр, локалдык тармактар жана интернет даярдалган. Буга чейин эмеректери жеткирилген болчу.
Аталган техникалар Дүйнөлүк банк каржылаган "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында алынып жатат. Ал аркылуу Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1200 мектепке (жалпы мектептердин 56 пайызы) жана сегиз педагогикалык колледжге 24 168 компьютер, 7 208 проектор, 2 408 хаб, 1 208 көп функционалдуу жабдуу (принтер, көчүрүү, сканер) жана UPS берилет. Буга кошумча кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачуу да каралган. Долбоордун суммасы 50 миллион доллар, анын жарымы — кредит, жарымы — грант.
Радио
Мусаева: билим берүү мекемелерин лицензиялоо тартиби өзгөртүлдү