БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Россияга газ экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүнүн иштен чыгышы боюнча коюлган кине быйылкы жылдын башкы акылга сыйгыс калпы болуп калганын Fox News телеканалынын алып баруучусу Такер Карлсон айтып чыкканын РИА Новости жазды.
Журналист "2022-жылдын көп айтылган калптарын" тизмектеп, алар "ого эле көп болгонун" белгилеген. Ал эң акылга сыйбаганынан баштап, "Владимир Путин Европага кеткен газ түтүктөрүн өзү жардырып, экономикасына залал келтирип, атайын операция курчуган маалда стратегиялык позициясын алсыратып алды" деген билдирүүнү тизменин сап башына чыгарган.
Алып баруучунун айтымында, дал ушул пикирди америкалык ЖМКлар оозу-мурду кыйшайбай эле жазып жатышты. Андан кийин CNN каналынын берүүсүнөн ЦРУнун экс-директору баш болуп газ түтүктөрүнүн ишин үзгүлтүккө учуратты деп Москваны айыптап жаткан үзүндүлөрдү келтирген.
Карлсон мындай бүтүмгө айла жоктон күлөрүн, эгер ЦРУнун мурунку жетекчиси Жон Бреннан бир нерсе десе анын тескери маанисин түшүнүү керектигин айтып, Россиянын газ түтүктөрүнүн жарылуусуна эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген. Ал өз сөзүндө түтүктөрдүн иштен чыгарылышы "Байдендин администрациясынын колунан келиши мүмкүн" экенин да боолгологон.
Эскерте кетсек, Европага газ экспорттогон Россиянын эки ири түтүгүндөгү жарылуу 26-сентябрь күнү болгон. Германия, Дания жана Швеция диверсия болгонун четке каккан эмес. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG түтүктөр качан оңдолуп бүтөрү белгисиз экенин айткан. Ал эми Россиянын Башкы прокуратурасы эл аралык террорчулук актысы боюнча иш козгогон болчу.