Кар жаайбы? Ош облусундагы бир жумага карата аба ырайы

Абанын күндүзгү температурасы 9 градуска чейин жылыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
26-29-декабрь күндөрү жаан-чачынсыз болот. Дүйшөмбүдө түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
30-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлүүдө. Бирок күндүз жаан-чачын токтоп 31-декабрга чейин ачык турат. Ал эми 1-январда айрым жерлерде кар жаайт.
Абанын күндүзгү температурасы9 градуска чейин жылыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жылдын соңку аптасында Кыргызстанда аба ырайы кандай болот?